Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:59

Бишкекте ичкилик сатууну чектөө сунушталды


Мындай сунушту Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Валентина Лисниченко көтөрүп чыкты. Анын айтымында, шаардагы кылмыштардын көпчүлүгү түнкүсүн мастар тарабынан жасаларын жана мындай көрүнүш көбөйүп баратканын атайын мониторинг көрсөткөн. Ошондуктан шаардык милиция кечки саат 10дон эртең мененки саат 8ге чейин борбор калаада арак-шарап сатууга тыюу салууну сунуштады.

Буга чейин дал ушундай кайрылууну Бишкек шаардык милициясы калаа мэри Кубанычбек Кулматовго жөнөткөн эле. Азырынча чечим чыга элек. (BkA)


XS
SM
MD
LG