Бишкек мэриясына караштуу “Тазалык” ишканасынын жамааты митингге чыккан соң анын жетекчиси Замир Асанбаев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул жөнүндө аталган ишкананын жетекчи орун басары Павел Клименко “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, ишкана жамааты Асанбаевге өз каалоосу менен кызматтан кетүү талабын койду.
Асанбаев ишкананы буга чейин жетектеп, 2010-жылы Апрель окуясынан кийин кызматтан алынган.
Клименко кошумчалагандай, учурда “Тазалыктын” кызматкерлеринен турган атайын топ шаар мэри Кубанычбек Кулматов менен жолукканы жатат.(BkA)