Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:11

ЕККУнун Украинада уурдалган төрт байкоочусу бошотулду


Аларды май айында Украинанын чыгышында орусиячыл согушчандар уурдап кеткен болчу. Орусиячыл жикчилдердин Донецк облусундагы лидери Александр Бородай буга чейин коңшулаш Луганск регионунда кармалып турган байкоочулар Донецк шаарынын мейманканасына келишкенин билдирди. ЕККУнун Киевдеги өкүлү Марк Этерингтон байкоочулар 31 күндөн соң бошотулганын ырастады. 29-майда жоголгон башка төрт байкоочунун тагдыры тынчсыздандырганын айтты. Аларды чыгыш Украинадагы орусиячыл жикчилдер уурдаган деп шектелүүдө.

Франс пресс агенттиги ЕККУнун бошотулган байкоочулары: Швейцария, Түркия, Эстония жана Даниянын жарандары чарчап-чаалыгып турушкандыктан, журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартышканын маалымдады.

XS
SM
MD
LG