Орусия Борбор Азия аймагындагы суу пайдалануу долбоорлору жалпы аймактык кызматташтыкка өбөлгө түзүшү керек деп эсептейт. Бул тууралуу орус тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Александр Лукашевич билдирди. Ал аймактагы суу талаш маселеси өкөлөр ортосундагы түз диалог жолу менен гана чечилиши керектигин айтты.
Өзбекстан Кыргызстанда Камбар-Ата-1 жана Тажикстанда Рогун ГЭСтеринин курулушуна каршылыгын билдирип келатат. Рогун боюнча техника-экономикалык негиздеменин үстүндө Дүйнөлүк банк иштөөдө. Ал эми Камбар-Ата-1ди Кыргызстан Орусия менен бирге кура баштады. (RK)