“Ирак жана Левант ислам мамлекети”, кыскача ИЛИМдин согушкерлери үстүбүздөгү айда Ирактын түндүгүндөгү Тикрит шаарында колго түшкөн 160 туткунду жок кылганын Хьюман Райтс Вотч уюму билдирди.
Адам укугун коргоочу эл аралык уюмдун маалымдашынча, согушкерлер 11-июнда Тикритти басып алгандан үч күндөн кийин шаардын эки жайында кеми 160, көбү 190 эркекти өлтүрүшкөн. Билдирүүдө өлтүрүлгөндөрдүн саны алда канча көп болушу мүмкүн экени, ал районго өтүүгө болбогондуктан, сөөктөр кайда көмүлгөнүн аныктоо кыйын экени белгиленет.
ИЛИМ Тикритте Ирак армиясынын 1700 шиит жоокерин өлтүргөнүн билдирип, алардын айрымдарынын сүрөттөрүн өз сайтында жарыялаган. Ирактын түндүгү жана батышынын чоң бөлүгү азыр бул кыймыл менен анын сунни союздаштарынын ээлигинде.
“Ирак жана Левант ислам мамлекети” Ирак жана Сириядагы жихадчы согушкерлердин башын бириктирген уюм. Аны түзүүгө “ал-Каида” активдүү катышкан.