Жогорку Кеңештин 5 фракциясы Сот тандоо кеңешине өз талапкерлерин аныктады. Бул тууралуу Сот тандоо кеңешинин азыркы курамынын төрагасы Шамарал Майчиев билдирди. Анын айтымында, парламент фракцияларынан көрсөтүлгөн 16 талапкерди эми Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитети бекитиши зарыл. Андан соң маселе парламенттин жалпы жыйынында каралмакчы.
Кыргызстанда Сот тандоо кеңеши 2011-жылы түзүлгөн. 24 мүчөдөн турган кеңештин 16сын парламент, 8ин Соттор кеңеши көрсөтөт. Буга чейин Соттор кеңеши өз талапкерлерин аныктаган.
Ал эми Жогорку Сот 100гө жакын соттук кызмат бош турганын айтып, талапкерлерди тандай турган Сот тандоо кеңешинин курамын каникулга кеткенче аныктап берүүнү парламенттен өтүнгөн. (BkA)