Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:37

Обама Сирия программасына 500 млн доллар сурады


Президент Барак Обама Сирия оппозициясынын мүчөлөрүн машыктыруу үчүн АКШ Конгрессинен 500 миллион доллар сурады. Аскерий өнөргө үйрөтүү программасы АКШны Сириядагы согушка аралашуусун дагы тереңдетет. Президент Башар Асаддын бийлигине каршы күрөш 4 жылдан бери жүрүүдө. Сирия программасына суралган акча Ак Үй чет өлкөлөрдөгү операциялар үчүн 26-июнда Конгресстен сураган 65,8 миллиард доллардын бир бөлүгүн түзөт.

Ирак өкмөтүнө сунни козголоңчуларынын кысымы өскөнгө байланыштуу Обаманын Сириядагы саясаты акыркы кезде катуу сындала баштаган. Ал жыл башында сириялык байистүү козголоңчуларга жардам көрсөтүүнүн жолун карап жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG