Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандык мусулмандарды Орозо айынын башталышы менен куттуктады. "Кыргызстаныбызда тынчтык, бейпилдик орноп, Жараткан элибизге ыйман, ынтымак, сабырдуулук берсин!" деп айтылат мамлекет башчынын жолдогон куттуктоосунда.
Муфтияттын фатвасына ылайык, 28-июнь - Рамазан айынын биринчи күнү болуп бекитилген. Орозо айт 28-июлга, Курман айт 4-октябрга белгиленген. Жогоруда көрсөтүлгөн күндөр айдын чыгышына карай бир күнгө айырмаланышы мүмкүн. (RK)