Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:25

Түндүк Корея жаңы ракета ийгиликтүү сыналганын билдирди


27-июнда Түндүк Кореянын борбордук жаңылыктар агенттиги жаңы ракетаны сыноо президент Ким Чен Индин жетекчилиги астында өткөнүн билдирип, бирок ракета качан жана кайда сыналганын маалымдаган жок.

Коммунисттик Корея кыска аралыкка учуучу үч ракетаны Түштүк Кореянын сууларын көздөй атканын ырасмий Сеул 26-июнда билдирген болчу.

Пхенян кийинки айларда Түштүк Кореяны коркутуп, президентин “сойку” деп маскаралаган. Сеул эгер Пхенян бузукулугун токтотпосо, Түндүк Кореяга сокку урулат деп опурулган.

Түндүк Кореянын коркутуп-опузалоору АКШ - Түштүк Корея аскерлеринин ар жыл сайын өткөрүлүүчү машыгуулары жана президент Обаманын Сеулга жасаган визити кезде күчөгөн.

XS
SM
MD
LG