Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:32

АКШда Путин тууралуу иликтөө чыгат


АКШдагы Simon & Schuster басма үйү орус президенти Путиндин уюмдашкан кылмыш топтору менен байланышы бар деген шектенүүлөрдүн дарегин иликтеген китеп чыгарат.

Simon & Schuster басма үйүнүн маалымдашынча, америкалык илимпоз Карен Давиша айымдын “Путиндик клептократия: Орусиянын ээси ким?” деп аталган китеби 16-сентябрда жарыкка чыгат. Бул китепти чыгарууну британиянын Кэмбриж университетинин басмаканасы мерчемдеп жаткан, бирок апрелде Орусия “каралоо” деп сотко берерин айтып, андан баш тартып койгон.

Владимир Путин жана анын шериктери 1990-жылдардын башында мыйзамсыз финансылык иштерди жасаган деген кеп-сөздөрдүн тек-жайын иликтөөгө жана китепти жазууга профессор Карен Давиша беш жыл короткон.

XS
SM
MD
LG