Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:46

Аятолла Али Систани Ирак саясатчыларын мунасага үндөдү


Ирактык шииттердин даражалуу диниятчысы, Улуу Аятолла Али Систани өлкөдөгү саясий блокторду жаңы шайланган парламенттин 1-июлдагы алгачкы жыйынына чейин эмки премьер-министрди бекитүүгө үндөдү. Али Систани шииттердин ыйык шаары Кербаладагы кутпа сөзүндө саясий фракцияларды депутаттардын инаугурациясына чейин парламент төрагасын жана өлкө президентин тандап алуусун кааларын да айтты.

Өлкөдөгү оор абалдан улам Ирактын саясий лилдерлеринен жаңы өкмөттү тез түзүү АКШ жана башка мамлекеттер талап кылышууда. Апрелдеги парламенттик шайлоодон кийин сунни согушчандары Ирактын батышы жана түндүгүндө чоң территорияны басып алган. Шиит премьер-министр Нури Малики үндөөнү четке кагып жаткан. Ал бирок 26-июнда козголоңчуларды жеңүү үчүн саясий чараларды аскерий операциялар менен кошо жүргүзүүгө макулдук берди.

XS
SM
MD
LG