Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:03

Биринчи Дүйнөлүк согуштун себепкерине эстелик тургузулду


27-июнда Сараеводо Гаврило Принциптин 2 метр бийик коло айкели тургузулду. Эстеликтин курулушун Босниядагы Серб Республикасынын президенти Милорад Додик демөөрлөдү.

Босниялык серб студент Гаврило Принцип 1914-жылы 28-июнда Сараеводо Австрия монархынын мураскери эрцгерцог Франц Фердинандды атып өлтүргөн. Бул 1-Дүйнөлүк согуштун чыгышына түркү берген.

28-июнда эрцгерцогдун өлтүрүлүшүнүн 100 жылдыгы Боснияда расмий белгиленип, Сараеводо Вена филармониясынын оркестри катышкан концерт болот. Ага Австриянын президенти Хайнц Фишер катышат.

Гаврило Принципти бардык славяндардын эркиндиги үчүн күрөшкөн баатыр деп санашкан Сербиянын жана Босния сербдеринин лидерлери юбилейлик концертке катышпайт.

Милорад Додиктин айтымында, Босниянын элинде алиге биримдик жок болгондуктан, алар Сараеводогу кол салууну өз алдынча белгилешет.

XS
SM
MD
LG