Рамазан айы эртең, 29-июнда башталат. Бул тууралуу “Азаттыкка” муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов билдирди:
- Пайгамбарыбыздын айды көрүп орозо туткула деген хадисине таянып, аалымдар кеңеши 28-июнда орозо башталышы мүмкүн деп белгилеген. Тилекке каршы, түндө ай көрүнгөн жок, ошого байланыштуу орозо 29-июнда башталмай болду. Бүгүн орозо деп эсептелинбейт, бүгүн туткандар болсо оозун ачса болот, кааласа тутса да болот.
Муфтият орозо 29-июнда башталары тууралуу кечээ 23.00дө теледен кабарлаган. Бирок, маалымат албагандыктан, адашып бүгүн орозо тутуп алгандар да болду.
Бул арада диний эксперттер Египет, Түркия сыяктуу мусулман өлкөлөрүндө орозо астрономиялык эсепке таянып күн мурунтан белгиленерин айтышып, муфтиятты сынга алышты. Ал эми Равшан ажы Эратов шариатта астрономиялык эсепке эмес, шариат өкүмүнө карап гана тутуларын айтууда. (МТо)