Ирактын түндүгүндөгү Самарра шаарындагы куралдуу кагылыштардан улам ал жерде иштеп жаткан 1200 ашуун кытайлык жумушчулар Багдад шаарына эвакуацияланды.
“Синьхуа” агенттиги Кытай жарандарынын коопсуздугун ирак армиясы камсыздап жатканын тактады.
Кытай Самаррада электростанция куруп жатат. Акыркы убактарда шаардын айланасында өкмөттүк аскерлер менен “Ирак жана Леванттагы ислам мамлекети” тобунун жоокерлери салгылашууда.
Азыркы тапта Иракта он миңден ашуун кытайлык жумушчулар жана инженерлер иштеп жатышат.