Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:59

БУУ: Украина чыгышында качкындар көбөйүүдө


Акыркы жумаларда Украинанын чыгышындагы жагдайдын начарлашынан улам 16,5 миңден ашуун адам үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болду. Мындай маалыматты БУУнун качкындар боюнча бөлүмү таратты.

Ушу тапта Украинадагы качкындардын жалпы саны 54 миңге жетти.

БУУнун өкүлү Мелисса Флеминг чыр-чатак болгон аймакта миграция агымы кескин күчөгөнүн, ушул жылдын башынан бери 110 миң адам Украинадан Орусияга өтө качканын кабарлады. Алардын 9,5 миңи орус бийлигине башпаанек сурап кайрылган.

БУУнун маалыматы боюнча, дагы 700дөй украиналыктар Польша, Белорус, Чехия жана Румынияга чыгып кетишкен.

XS
SM
MD
LG