Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:22

ЕККУ Ноокен милициясына автоунаа тапшырды


Европа коопсуздук кызматташтык уюму бүгүн Ноокен райондук милициясына “Соболь” үлгүсүндөгү милициянын көчмө автоунаасын тапшырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Аны ЕККУнун "Коомдук коопсуздук демилгелери" долбоорунун башчысы Робин Сиворд тапшырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Сиворд менен Жалал-Абад ОИИБ жетекчиси Жеңиш Жоробеков жолугушуп, коомдук коопсуздукту сактоо, кылмыштуулукка, террорчулукка каршы күрөшүү маселелери талкууланды.

ЕККУ тарабынан Жалал-Абад милициясына ушуну менен төртүнчү автоунаа берилди. (YA)

XS
SM
MD
LG