Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Ажылыкка барчуларды тандоо уланууда


Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы ажылыкка катталган жарандарды чүчү кулак жолу менен тандоону улантып жатат. Бүгүн Ош облусу жана Ош шаары боюнча катталгандар тандалууда. Муфтияттын басма сөз катчысы Асан Саиповдун "Азаттыкка” айтымында, Оштон ажылыкка барууну каалган адамдардын саны эки миңден ашуун. Алардын ичинен 800ү тандалышы керек. Эртең бул жараян Жалал-Абад облусунда улантылат.

Муфтияттын маалыматы боюнча, быйыл ажылыкка баруу үчүн катталгандардын жалпы саны 8 миңден ашты. Сауд Арабия быйыл Кыргызстанга ажылык үчүн 3680 орун бөлгөн. Мындан улам каттоодон өткөн адамдар чүчү кулак жолу менен гана тандалууда. Зыяратчылар 8-сентябрдан баштап Мекеге жөнөй баштайт.(КЕ)

XS
SM
MD
LG