Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:38

Өзбек соту журналистке 4 миң доллар айып пул салды


Өзбекстан соту көз карандысыз журналист Саид Абдурахимовду “кымгуут салган маалыматты тараткан” жана каттоосу жок иштеп жатат деп айтыптады. Абдурахимовдун француз маалымат агенттигине (AFP) билдиргени боюнча, 28-июнда ага Ташкент соту 4 миң доллар айып пул салды. Өзбекстандыктар үчүн бул бир нече айдын айлыгы экенин белгилеген журналист, соттун чечимине каршы арыздана турганын айткан.

Абдурахимов Сид Янышев деген каймана ат менен Орусиядагы Fergana.ru сайтында иштейт. Ал Ташкентте жол куруу үчүн карапайым калктын үйлөрү көчүрүлүп жатат деген макаласынан кийин полицияга чакырылган. Көп учурда өзбек бийлигин сындап жазган аталган сайт бул өлкөдө ачылбайт.

XS
SM
MD
LG