Райондук ички иштер кызматкерлери "Экстремист" аттуу иш-чаранын маалында кармалган М.Ж. аттуу 50 жаштагы адамдын үстүнөн тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Шектүү адамдын үйүнө соттун уруксаты менен 27-июнда тинтүү жүргүзүлгөн. Натыйжада "Хизб-ут Тахрир" уюумунун жана “ал-Вайьи" аттуу беш баракча менен он китеп табылган. Алар теологиялык экспертиза жүргүзүү үчүн Ошко жиберилди. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Тартип коргооо органдарынын айтымында, Жалал-Абад облусунда Жогорку Сот ишмердүүлүгүнө тыюу салган "Хизб-ут Тахрир" партиясынын идеяларын колдогондор көбөйүүдө. Өткөн жумада облустун Сузак, Базар-Коргон райондорунан да жашыруун уюмдун активдүү беш мүчөсү кармалган болчу. (YA)