Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:17

Нигерияда жардыруудан 11 киши мерт кетти


Нигериянын түндүк-чыгышындагы жардыруудан 11 киши каза таап, дагы 28и жараат алды. Полициянын маалымдашынча, жардыруу ишемби түнү Баучи шаарындагы сойкуканалардын биринде болгон. Бул окуяга шектүү делип бир адам кармалды. Азырынча жардыруу үчүн эч ким жоопкерчиликти ала элек. Бирок полиция буга чейин да ушул эле шаарда бир нече ирет чабуул жасаган "Боко Харам" ислам топторунун согушкерлерин шектүү катары кароодо.

XS
SM
MD
LG