Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:49

Ирак Орусиянын Су-25 үлгүсүндөгү аскерий учагын алды


Ирак Орусиядан Су-25 үлгүсүндөгү аскерий учактардын биринчи партиясын алды. Ал мурда аскер-аба күчтөрүнө таандык болгон. Ирак бийлиги учактар сунни согушкерлерине каршы колдонуларын билдирүүдө. Маалыматка ылайык, Ирак өкмөтү учакты 500 млн. долларлык келишимдин негизинде алган.

Соңку жумада “Ирак жана Левант ислам мамлекети” тобу Ирактын түндүгүндө жана түндүк-батышында чабуул коюп келет. Ирактын түндүгү жана батышынын чоң бөлүгү азыр бул кыймыл менен анын сунни союздаштарынын ээлигинде. Бүгүн өкмөттүк аскерий күчтөр Тикрит шаарын өз көзөмөлүнө алганы кабарланган. Азырынча бул маалыматты көз карандысыз булактар тастыктай элек.

XS
SM
MD
LG