Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

Чаткалда эки бир тууган сууга чөгүп, каза болду


Окуя райондун Ак-Көл суусунда болгонун бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов ырастады. Маалыматка ылайык,  кечээ сууга чөгө баштаган беш баланын үчөөсүн райондун Каныш-Кыя айылынын тургуну Жумадил Арыкбаев достору менен бирге куткарып калууга үлгүргөн. Ал эми бир туугандар, 1996-жылы туулган Наргиза Байысбекова менен 1995-жылы төрөлгөн Азат Байысбеков сууга чөгүп кетишкен.

Алардын денеси суудан чыгарылып, райондук оорукананын өлүкканасына жеткирилген. Райондук ички иштер бөлүмү окуя боюнча тергөө ишин жүргүзүүдө. (YA)

 

XS
SM
MD
LG