Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:20

Кыргызстан-Орусия атомдук энергияны пайдалануу жаатында кызматташат


Өлкө президенти Алмазбек Атамбаев кыргыз-орус өкмөттөрү ортосундагы “Атомдук энергияны тынчтык максатында пайдалануу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Орусия тарапка макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө кабарлоо милдети тапшырылды. Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 11-июнунда кабыл алынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG