Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:23

Киевде бир тараптуу элдешүүнү токтотуу талабы айтылды


Бүгүн Киевде президенттик администрациянын алдына миңге чукул адам чогулду. Алар өлкө чыгышындагы бир тараптуу элдешүүнү токтотууну жана ал жакка аскер абалын киргизүүнү райсмий бийликтен талап кылышууда. Митингге “Донбасс”, “Днепр”, “Айдар” ыктыярдуу батальону жана башка коомдук бирикмелер чыгышкан. “Элдик жыйын” президент Петро Порошенкого кайрылып, ыктыярдуу батальонго курал берүү, социалдык камсыздандыруу, антитеррордук операцияга катышкандардын жашоосун камсыз кылуу сыяктуу шайлоо алдындагы милдеттерин аткарууга чакырды. Ошондой эле Орусияга каршы санкциянын үчүнчү этабын киргизүүнү Евросоюздан талап кылышын суранышты.

Митингчилер өз талаптары жазылган катты администрация башчысынын биринчи орун басары Геннадий Зубко аркылуу беришти. Зубко өз сөзүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, Украина чыгышындагы кырдаал боюнча кеңешүү керектигин билдирди. Бирок митингге чыккандар анын сөзүнө макул болушкан жок.

Президент Петро Порошенко 27-июнда Донецк жана Луганск облустары менен бир тараптуу элдешүү режимин 30-июнга чейин узарткан. Ошого карабай Украина күчтөрү менен өзүн “Донецк жана Луганск элдик республикасы” деп жарыялагандардын өкүлдөрү ортосунда кагылушуу уланууда. Украинанын чыгышындагы кагылышта беш украин аскери каза таап, дагы 17си жараат алганын аймактагы антитеррордук операциясынын басма сөз катчысы Алексей Дмитрашковский кабарлады.

XS
SM
MD
LG