Бул тууралуу “Кыргызалтындын” жетекчиси Токон Мамытов 30-июнда “Азаттыктын” таңкы маегинде билдирди. Анын айтымында, 200 млн. долларга байланыштуу “Кыргызалтындын” мурунку жетекчиси Дилгир Жапаров камакка алынгандан кийин “Центерранын” жетекчилиги Кыргызстанга келүүдөн чочулап жатат. Ошондуктан Кумтөр боюнча жаңы келишимдерди түзүү иштери токтоп турат. Маалыматка караганда, “Центерранын” жетекчилиги кепилдик берилген шартта гана Кыргызстанга келерин билдирген. (AiT)