Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Тажик вице-премьер-министри Мурадали Алимардон баштаган делегация Бишкекте вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев баштаган кыргыз делегациясы менен кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо, чектеш аймактардан жол, көпүрө куруу боюнча сүйлөшүү жүргүзөт. Бул маселелер боюнча сүйлөшүүлөр 19-июнда Баткенде башталып, бирок тажик делегациясы чечим кабыл алуу үчүн убакыт сурап кеткен эле. (AiT)