Иракта күрөш жүргүзүп жаткан “Ирак жана Леванттын ислам мамлекети” уюшулмасынын жоочулары Ирак жана Сириянын аймактарында халифат түзүлгөнүн жарыялашты. Анын лидери болуп Абу Бакр ал-Багдади шайланды.
Ирактын өкмөттүк күчтөрү Тикрит шаарына чабуул жасашты. Ирак армиясынын маалымат кызматынын өкүлү генерал-майор Касим Атта Тикриттин айрым жерлери өкмөттүн колуна өткөнүн билдирип, террорчулар жоготууларга учурап жатат деп кабарлады:
- Азыркы мезгилге карай 70тен көп террорчу өлтүрүлдү. Салахиддин провинциясында жана Тикритте колдонулган ондогон унаалар жок кылынды.
Ирак өкмөтүнүн маалымдоосуна караганда, Орусиядан Су-25 үлгүсүндөгү беш аскерий учак алып келинди. Алар жоочуларга каршы согушта колдонулмакчы. (AiT)