Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

Украинада ок атууну убактылуу токтотуу мөөнөтү аяктоодо


Ок атууну токтотуу мөөнөтү 30-июнда аяктайт. Анын алдында Киевде демонстранттар ок атпоо мөөнөтүн узартууга каршы чыгышты. 29-июнда француз президенти Франсуа Олландын төрагалыгы астында Германия канцлери Ангела Меркел, орус президенти Владимир Путин жана украин президенти Петр Порошенко телефон аркылуу конференция өткөрүп, Украинада ок атышууну токтотууну сүйлөштү.

Эки сааттан ашык убакыт сүйлөшүүдө кагылышуу жүрүп жаткан региондордо коопсуздукту камсыздоо, ок атпоо мөөнөтүн узартуу жана тынчтык планга жетишүү талкууланган. Петр Порошенконун айтымында, бүгүн да төрт лидердин катышуусу менен сүйлөшүү болот. (AiT)

XS
SM
MD
LG