Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:00

Бишкекте сугат суу керектүү өлчөмдө бериле баштады


Бишкекте саргайып бараткан бак-дарактарды сугаруу иши колго алынды. Шаардык жашылдандыруу ишканасынан кабарлашкандай, жай башталгандан бери эми гана сугат суу белгиленген өлчөмдө бериле баштады. Учурда сугат үчүн жетиштүү суу "Ала-Арча", "Аламүдүн" сууларынан жана Чыгыш Чоң Чүй каналынан алынууда.

Вице-мэр Олег Попиков да калаа бийлиги үчүн чоң көйгөй жаратып келаткан маселе чечилгенин “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Сугат суунун жетишсиздигинен улам Жашылдандыруу мекемеси калаадагы гүлдөрдү жана өсүмдүктөрдү унаа менен да сугарып келе жаткан болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG