Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы аяктады


V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы бүгүн өз ишин жыйынтыктады. Кезексиз жыйынга чогулган депутаттар Сот тандоо кеңеши, акыйкатчы, электр энергиясынын тарифин аныктоо укугуна байланыштуу жана башка маселелерди талкуулады. Июль айында депутаттар шайлоочулар менен жолугуп, август айы эс алат. Сентябрда иш кайра уланат.

Төрага Асылбек Жээнбековдун айтымында, 10 ай ичинде 76 пленардык жыйын өтүп, 265 мыйзам долбоору талкууланды. 175 мыйзам кабыл алынып, алардын 137сине президент кол коюп, күчүнө кирди. (SE)

XS
SM
MD
LG