Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:29

Келдибековдун соту 10-июлда башталат


Депутат Акматбек Келдибековдун иши боюнча сот 10-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда башталат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Келдибековго Социалдык фондду, Салык кызматын жана Жогорку Кеңешти башкарып турганда “мамлекетке ири суммада зыян келтирген” деген айып тагылып, иши 24-июнда сотко жөнөтүлгөн.

Парламенттеги оппозициялык "Ата Журт" фракциясынан депутат Акматбек Келдибеков өткөн жылы ноябрь айында УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Аны үй камагына чыгаруу талабы менен тарапкерлери быйыл 27-майдан 20-июнга чейин Ош – Эркеч-Там жолун бууп турушкан. (SE)

XS
SM
MD
LG