Парламент Сот тандоо кеңешинин курамын бүгүн да бекиткен жок. Буга "Республика" фракциясы өз талапкерлерин кайра чакыртып алганы жана фракциялардын башчыларынан кайра шайлоо сунушу түшкөнү себеп болду. Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитеттин төрагасы Токтогул Туманов жаңы талапкерлерден документ кабыл алуу бүгүн башталарын айтты.
Президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев парламенттин бүгүнкү чечимине макул экенин айтып, бирок процессти үзгүлтүккө учуратпаш үчүн "июль-августта да ишти улантууну" өтүндү.
Учурда Кыргызстандагы сот системасы толук кандуу иштебей жатат. Сот тандоо кеңешинин курамын парламент бекитип бербей жаткандыктан жүзгө жакын соттук кызмат бош турат. Жогорку Сот өткөн аптада парламентке кайрылып, жайкы эс алууга кеткенче бул маселени чечип берүүнү өтүнгөн. (RK)