Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:40

Бишкек мэриясы миңге жакын кичи автобустун ишин токтотту


Үч айлык текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бишкекте эл ташыган 992 кичи автобус каттамдан алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө техникалык кемчиликтерден сырткары орундуктары жетишсиз жана сырткы көрүнүшү начар унаалардын да каттамга чыгышына тыюу салынды. Алар кемчиликтерди жоюп, кайрадан ишин улантышы мүмкүн.

Талапка жооп бербеген кичи автобустар каттамдан алынганга чейин Бишкек шаары боюнча 2 636 кичи автобус эл ташычу. Алар калаадагы 41 фирмага таандык. (SE)

XS
SM
MD
LG