Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Ирак: Халифат жарыялагандар дүйнөгө коркунуч туудурат


Ирак армиясынын маалымат катчысы «Ирак менен Сирияда бир топ жерлерди басып алган жихадчылар эл аралык коркунучка айланганын эскертти. Касим Атта "Рейтерс" агенттигине «Ирактагы жана Леванттагы ислам мамлекети» деп аталган ал-каидачы топтун халифат жарыялоосу "Жакынкы Чыгышка эле эмес, бүт дүйнөгө коркунуч" келтирээрин билдирди.

Ал арада Ирак аскерлери өлкөнүн түндүгүндөгү Тикрит шаарын сунилер баштаган жихадчылардан бошотуу аракетин улантууда. Жихадчылар кечээ Сириянын түндүгүндөгү Алепподон Ирактагы Дияла шаарына чейинки аймакты «халифат» деп жарыялаган эле. Халифат бул исламдык мамлекет жана анда дин менен саясатты бир адам - мусулмандар шайлаган халиф башкарат.

XS
SM
MD
LG