Билим берүү жана илим министрлиги жогорку окуу жайларга гранттык негизде абитуриенттерди кабыл алуу үчүн босого баллын 110 деп белгиледи. Калган сабактардан 60 балл болууга тийиш. Ал эми коммерциялык негизде кабыл алуу үчүн 105 балл керек. Сырттан окууну көздөгөндөр негизги тестте 95 балл, Ички иштер министрлигинин академиясынын абитуриенттери 100 балл алууга тийиш. (AiT)