"Бирок бул добуштарды саноо учурунда көз боемочулук болду дегенди моюнга алуу эмес",- деп билдирет шайлоо комиссиясы. Ооган шайлоо комиссиясынын төрагасы Ахмед Юсуф Нуристанинин “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, 30 провинцияда 1900 шайлоо бекетинде добуштарды кайра саноонун максаты “ачыктыкты жана адилеттүүлүктү камсыздоо”.
Кайра саноо үчүн үч-төрт күн керек. Ал эми 14-июнда болгон президенттик шайлоонун экинчи турунун алдын ала жыйынтыктары июль айынын башында, толук жыйынтыгы 22-июлда жарыяланары белгиленген.
Экинчи айлампага чыккан талапкерлердин бири Абдулла Абдулла добуш саноодо бурмалоо болду деп санак жүргүзүүнү Бириккен Улуттар Уюмуна тапшырууну талап кылган. Анын тарапкерлери акыркы күндөрү массалык нааразылык акцияларына чыгууда. (AiT)