Нарын дарыясына чөккөн 12 жашар Назар Бекназаровду издөө уланууда. Ал 30-июнь күнү сууга түшүп жатып чөгүп кеткен. Куткаруу иштерин эки күндөн бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 6 куткаруучусу менен баланын туугандары жүргүзүп жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Назар Бекназаров Таш-Көмүр шаарынын тургуну.
Маалыматка ылайык, жыл башынан бери Кыргызстанда 30га жакын жаран сууга чөгүп кетти. Эң көп кырсык Чүй облусунда катталууда. Чөккөндөрдүн жарымынан көбү балдар. (SE)