Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Кыргызстандык балет бийчиси эл аралык таймашта мыкты аталды


Кыргызстандык балет бийчиси, Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти Марат Сыдыков Сочиде өткөн эл аралык өнөр таймашында мыктылар катарына кирип, экинчи орунду ээледи. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашкандай, эл аралык сынакка 12 өлкөдөн келген 63 бийчи катышты. Марат Сыдыков Сочиге өз акчасына барып келди.

Алгач Бишкектеги хореография окуу жайынан билим алган Марат Сыдыков 2006-жылы Улуу Британияга окуганы кеткен. 2010-жылдан бери опера жана балет театрында иштеп келатат. (RK)

XS
SM
MD
LG