Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:08

Максат Сабиров: “Республиканын” лидерлигинен кеткен жокмун


Жогорку Кеңеш депутаты Максат Сабиров “Республика” фракциясынын лидерлигинен кете электигин, Абдыжапар Бекматовдун башчы болуп шайланышы мыйзамсыз экенин “Азаттыкка” билдирди. Бүгүн эртең менен фракциянын азыркы курамындагы жана андан өзүнчө топ болуп бөлүнгөн депутаттардын чечими менен жетекчи алмашканын Бекматов кабарлаган эле. Ал өзүнүн талапкерлигин 18 депутаттын 12си колдогонун айткан.

Сабиров кызматын тапшыра электигин, фракциялаштарынын чечими мыйзамсыз экенин төмөнкүчө негиздеди:

- Лидер алмаштыруу боюнча жыйын кургандардын дээрлик баары биздин партиядан чыгып кеткен. “Республиканын” саясий кеңешинин чечимине ылайык алар фракциянын атынан жыйын курууга, чечим чыгарууга укугу жок.

"Республика" партиясы 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо 23 мандат алган. Кийинчерээк айрым депутаттар "Өнүгүү" жана "Бир бол" партияларына, айрымдары фракцияга кирбеген депутаттык топторго өтүп кеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG