Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Франциянын экс-президенти Николя Саркози кармалды


Николя Саркози
Николя Саркози

Саркози “сотко таасир этүүгө аракет кылган” деген шек менен Франциянын батышындагы Нантер шаарында кармалганы кабарланууда. Дүйшөмбүдө экс-президенттин адвокаты жана апелляциялык соттун эки судьясы да суракка алынышкан. France Press маалымат агенттиги кабарлагандай, 59 жаштагы мурдагы президент соттордон башка иш боюнча ички маалыматты алганга аракет кылган.

Былтыр мартта Саркозиге каршы 2007-жылкы шайлоо өнөктүгүн мыйзамсыз каржылоого байланышкан расмий иликтөө иштери башталган. Азыр эми тергөөчүлөр экс-президентти 24 саатка кармай алышат, андан ары сурак дагы бир күнгө узартылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG