Суу менен камсыздоо, санитария жана гигиена талаптарын жакшыртуу боюнча 9 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан жыйын Ысык-Көлдө 2-4-июль күндөрү өтөт. Аны уюштуруп жаткан ЮНИСЕФ уюмунун Суу, санитария жана гигиена программасынын өкүлдөрү кабарлашкандай, иш-чарада Кыргызстан, Ооганстан, АКШ, Казакстан, Азербайжан, Грузия, Өзбекстан, Кытай жана Филиппин мамлекеттеринин билим берүү жайларындагы таза суу маселеси талкууланат.
Жыйындын негизги максаты - билим берүүчү мекемелерге таза суу бөлүштүрүү жана гигиеналык абалды жакшыртуу долбоору боюнча жол картаны иштеп чыгуу.
Кыргызстанда таза суу көйгөйү соңку жылдары өзгөчө актуалдуу болууда. Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштардын көпчүлүгүнө таза суу тартыла элек. Алыскы аймактарда да бул маселе ондогон жылдар бою чечилбей келатат. (SE)