Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:23

Ирак парламенти биринчи сессияда спикерди шайлай албады


Спикердин милдетин аткаруучу Мехди ал-Хафид бүгүнкүгө пландалган жыйын келерки аптага калтырылганын кабарлады. Парламенттеги 328 депутаттын 255и гана жыйынга келгендиктен, жаңы спикерди тандоого кворум болбой калды. Адатта спикерликке талапкердин бири сунни, экинчиси шийи жана үчүнчүсү күрд депутат болот.

Өлкөнүн түндүгүндөгү Тикрит шаарын өкмөттүк аскерлер сунни согушкерлеринен кайтарып алыш үчүн аскерий чабуулдарын күчөтүп жаткан чакта депутаттар биринчи сессиясында саясий прогресске жетишет го деп жатышкан. “Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети” деген “ал-Каида” менен киндиктеш топтун согушкерлери Тикритти жана ал аймактагы айрым жерлерди өткөн айда басып алышкан.

XS
SM
MD
LG