Кыргызстандагы мамлекеттик орто мектептер келерки жаңы окуу жылынан тарта бирдиктүү формага өтөт. Бүгүн Бишкекте мектеп формаларынын эскиздери боюнча сынак жыйынтыкталып, модельер Элвира Султангазиеванын сунушу жеңип чыкты.
Вице-премьер-министр Элвира Сариеванын айтымында, жаңы формага өткөрүү "агрессивдүү формада жүргүзүлбөйт", андыктан, быйыл жетише албай калгандар кийинки жылдан тарта өтсө да болот. (RK)