Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:56

«Республика» фракциясынан чыгарылган депутаттар кайра курамга кирди


Фракциянын катарынан чыккан депутаттар Шаршенбек Абдыкеримов, Алмазбек Баатырбеков жана Элмира Жумалиева кайра фракциянын курамына кирди. Алар парламенттеги башка депутаттык топторго мүчө болгондуктан, “республикачылар" өткөн жылдын 15-майында атайын чечим менен аларды фракциядан чыгарган болчу. Бүгүн кезексиз жыйын уюштурулуп, аталган чечим жокко чыгарылды. Бул тууралуу “Республиканын” басма сөз кызматы кабарлады.

Депутаттар фракциянын мүчөлүгү боюнча маселени карап чыгып, «Жогорку Кеӊештин депутатынын макамы жөнүндө» мыйзамда камтылган «депутаттар парламенттик фракциядан тышкары топторго бириге алат» деген норма мыйзамдарга карама каршы келбейт, деген тыянакка келишкен.

30-июнда “республикачылар” жыйын куруп, фракция лидери Максат Сабировдун ордунда Абдыжапар Бекматовду шайлашканын кабарлашкан. Бүгүн Максат Сабиров бул чечим мыйзамсыз экенин, өз ордунда иштеп жатканын “Азаттыкка” билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG