Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:21

Франциянын мурунку президенти суракта шектүү болуп чыкты


1-июлда 15 саат бою суракта болгон мурунку президент Николя Саркози коррупция боюнча шектүү болуп чыкты. Антикоррупциялык тергөөчүлөр Саркози президент кезинде кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп айыптоодо. Кабарларга караганда, Саркози маалыматы үчүн судьяны жогору кызматка көтөрүүгө убада берген. Судья өз кезегинде Саркозинин телефону жашыруун тыңшалып жатканы тууралуу маалымат берген.

Судьялар Николя Саркозинин 2007-жылдагы президенттик шайлоо өнөктүгүн Ливиянын мурунку лидери Муаммар Каддафи каржылаганын тактоо максатында Саркозинин телефонун тыңшоого уруксат берген. (AiT)

XS
SM
MD
LG