Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Кыргызстанда майыптардын саны өсүп жатат


Өлкө аймагында расмий каттоодо турган 156 миң майып жарандын 26 миңин 18 жашка чейинкилер түзөт. Бир жыл мурда эле статистикалык маалыматта алар 155 миңдей болчу. Бул тууралуу бүгүн Бишкектеги “Ак-Кеме” мейманканасында майыптар үчүн түзүлгөн шарттар боюнча өтүп жаткан талкууда адистер айтты.

Республика боюнча мекеме-ишканаларда иштөө үчүн майыптарга 673 жумушчу орун каралган. Мурдагы жылы бул сан 755 болгон. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, 2013-жылы 100 гана майып адам жумуш менен камсыздалган. Ишкана жана окуу жайлардын 80 пайызына атайын пандустар коюлган. Бирок алар имараттарга кирүү үчүн орнотулган, ал эми экинчи жана жогорку кабаттарга көтөрүлгөнгө андай шарт жок.

Бүгүнкү жыйынды БУУнун өнүктүрүү программасынын колдоосу менен Социалдык өнүктүрүү министрлиги уюштурган. (SE)

XS
SM
MD
LG