Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:59

ИИМ Батукаевдин кармалганын тастыктады


Ички иштер министрлигинен Азиз Батукаев Түндүк Осетия-Аланияда кармалганын, аны Кыргызстанга экстрадиция кылуу боюнча аракет көрүлөрүн “Азаттыкка” билдиришти. Маалыматка ылайык, Батукаевди Орусия Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери колго түшүргөн.

Буга чейин орусиялык маалымат булактары Азиз Батукаев 30-июнда Грозный шаарында кармалганын жазып чыккан болчу.

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев бүгүн Аламүдүндөгү 31-колониянын абалы менен таанышуу учурунда Батукаевдин кармалганы тууралуу орус күч түзүмдөрүнөн тастыктама берилери менен аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселесин өкмөт эл аралык мыйзамдардын негизинде талап кыларын айткан. (SE)

XS
SM
MD
LG