3-июлда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым тоолуу райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 12...17, күндүз 23...28,
Таласта түнкүсүн 10...15, күндүз 22...27,
Баткенде түнкүсүн 13...18, күндүз 26...31,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 13...18, күндүз 27...32,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 10...15, күндүз 18...23,
Нарында түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз 5...10 градус болот.
Бишкекте өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 25…27 градус болот.