Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:53

“Аврора-Грин” пансионатын кура баштагандар өкмөткө нааразы


Ысык-Көлдө 2008-жылы курула баштаган “Аврора-Грин” пансионатынын “негиздөөчүлөрүбүз” деген топ өкмөткө наарызы болуп жатат. Алар 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин улутташтырылган пансионатты кайра өздөрүнө алуу боюнча эл аралык соттун чечимин өкмөт аткарбай жатканын “Азаттыкка” билдиришти.

Жарым-жартылай салынып токтоп калган пансионаттын алгачкы курулушун баштагандардан Асангул Байгабылов менен Сабат Исакуновдун айтымында, аны 21 киши акча топтоп кура баштаган болчу. Улутташтыруудан кийин ишти Кыргызстандагы бардык соттук инстанциялар карап, соңунда Москвадагы эл аралык сот алардын пайдасына чечим чыгарган.

Жогорудагы маселеге байланыштуу 15-июлда Бишкекте, 17-июлда пансионаттын жанында нааразылык акциясы өтмөкчү.

2010-жылы Ысык-Көлдөгү онго жакын пансионатты улутташтыруу боюнча Убактылуу өкмөт декрет кабыл алган. “Аврора-Грин” мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Маратка таандык экени айтылып жүрөт.

Өкмөт мыйзам боюнча декреттерди жокко чыгаруу мүмкүн эмес деген жүйөөнү карманып келет.

XS
SM
MD
LG