Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Барзани Ирак бүтүн каларына ишене бербейт


Ирактын түндүгүндөгү Күрт автономиясынын лидери жакынкы айларда аймактын көз каранды эместиги боюнча референдум өткөрүүнү пландоодо. Масуд Барзани “Би-би-си” корпорациясына берген интервьюда "Ирак ыдырап кеткендиктен Күртистандын эгемендиги үчүн добуш берчү убакыт келип жетти" деди. Анын айтымында, референдум боюнча чечимди Күрт парламенти кабыл алууга тийиш.

Президент Барзани “Америка авазы” радиосуна Ирактагы кырдаалды “башаламан жана коркунучтуу” деп сыпаттады.

- Азыр 1050 чакырымдык чек арада биз террорчулар, радикал топтор жана чоочун адамдар менен жүзмө жүз калдык. Бул жаңы абал. Ирак мурдагы калыбына келерине күмөнүм бар,- деди Барзани.

Түндүк жана Батыш Ирактын чоң бөлүгү ушу тапта “Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети” кыймылына кирген сунни согушкерлеринин кол астында.

XS
SM
MD
LG